Кыргызстан менен Норвегия климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшөт

Коом 24 сентябрь 2026 09:35
Кыргызстан менен Норвегия климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшөт

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда тараптар кыргыз-норвегия мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, саясий диалогду, анын ичинде тышкы иштер ведомстволорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Өзгөчө көңүл региондор аралык кызматташтыкка бурулуп, "Борбордук Азия - Түндүк Европа" форматындагы диалогдун актуалдуулугу жана практикалык мааниси белгиленди.

Анын алкагында жашыл экономика, туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана транспорттук өз ара байланыштуулук чөйрөлөрүндө биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маселелери каралды.