АКШ Тынч океандагы аэропортко $100 млн ашык каражат сарптайт

Дүйнө 21 сентябрь 2026 10:35
АКШ Тынч океандагы аэропортко $100 млн ашык каражат сарптайт

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. АКШ Тынч океанынын ортосундагы аэропортту реконструкциялоонун баасын 100 млн доллардан ашык деп эсептөөдө. Бул тууралуу Kaзинформ BILD басылмасына шилтеме берип жазды.

АКШнын Федералдык авиация башкармалыгынын (FAA) маалыматы боюнча, 2003-жылдан 2021-жылга чейин аэропортко болгону 11 жарандык жана аскердик учак жөнөтүлгөн.

Ошол эле учурда, болжол менен 2,4 километрлик учуп-конуу тилкеси алдыдагы жылдары олуттуу реконструкцияны талап кылат.

Аэропорт негизинен транс-Тынч океан каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тейленип жатат. Ошондой эле жылына он миңдеген каттамдар үчүн альтернативдүү аэродром катары колдонулат. Техникалык бузулуу болгон учурда, экипаж учакты ал жакка конууга багыттай алат.

Эгерде аэропорт талап кылынган сертификатын жоготсо, авиакомпаниялар алыскы альтернативдик аэродромдордун айланасында айрым каттамдарды пландаштырууга аргасыз болушат. Бул учуу убактысынын жана күйүүчү майдын сарпталышынын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн.

Учурда аэропортту минималдуу иштөө абалында кармоо үчүн жыл сайын болжол менен 5,1 млн доллар бөлүнөт. FAA бул каражат жетишсиз экенин айтууда.

Атап айтканда, учуп-конуу тилкесинин үстүнкү катмарын жаңыртуу жана жээктеги коргоочу дубалды оңдоо үчүн 100 млн доллардан ашык каражат талап кылынат.