Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанда 14 билим берүү объектисин курат

Коом 11 октябрь 2025 09:40
559647584_1314892213443158_4139577555627492803_n.jpg
559854900_1314892306776482_3273631321442997261_n.jpg
560149316_1314892283443151_5025542825025907410_n.jpg
561221874_1314892296776483_8700998073112885467_n.jpg
558486462_1314892343443145_4868798251593933073_n.jpg
558894133_1314892216776491_7252506689251534982_n.jpg
558905433_1314892246776488_8461728194894039793_n.jpg
559065480_1314892270109819_6273182332561914571_n.jpg
559342239_1314892240109822_3053496001187182372_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 11.10.25. /Кабар/. Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Сауд өнүктүрүү фондунун башкы директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосунда “Мамлекеттик мектептерди куруу” долбоорунун II фазасы боюнча түзүлгөн насыялык келишимдин негизинде уюштурулду.

Министр өз сөзүндө Сауд өнүктүрүү фонду менен болгон конструктивдүү жана жемиштүү кызматташуу министрлик тарабынан жогору бааланарын белгиледи. Ошондой эле мындан ары да Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон долбоорлорду биргелешкен аракеттер менен ишке ашыруу пландалып жатканын кошумчалады.

Бүгүнкү күндө Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган “Мамлекеттик мектептерди куруу” долбоорунун биринчи этабы (I фазасы) ийгиликтүү аяктады. Долбоордун алкагында өлкө боюнча 10 миңге жакын окуучу заманбап талаптарга жооп берген 30 билим берүү мекемеси менен камсыздалды.

Ал эми II фазаны ишке ашыруунун алкагында 7 жаңы мектеп жана мектептерге 7 кошумча окуу корпусу курулат. Долбоорду 2026-жылы баштап 2029-жылы аяктоо пландалды.

Жолугушуунун соңунда тараптар өнүгүүдөгү жаңы демилгелерди жана келечектүү кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары да өнүктүрүү ниетин билдирди.

Белгилей кетсек, долбоордун экинчи фазасын ишке ашыруу максатында Курулуш министрлиги 2025-жылдын июль айынан тарта тиешелүү иштерди жүргүзө баштаган. Натыйжада насыялык келишимге кечээ, 9-октябрда кол коюлду.