Бишкек, 10.12.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради аль-Ради менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу коштошуу жолугушуусун өткөрдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары элчинин жемиштүү ишмердүүлүгү жана кыргыз-сауд мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Эркинов Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы саясий диалогду мындан ары да бекемдөөнүн, ошондой эле экономикалык жана гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Өз кезегинде элчи Ибрахим аль-Ради дагы кыргыз тарапка кызматташуусу жана колдоосу үчүн ыраазычылык айтып, эки өлкө ортосундагы мамилелер мындан ары да чыңдалып, өнүгөрүнө ишенимин билдирди.
Ошондой эле тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин жана эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташууну талкуулашты.