Сауд Аравия Азияга сатыла турган мунайдын баасын арзандатты

Дүйнө Загрузка... 07 Июль 2026 09:15
WhatsApp Image 2026-07-07 at 05.57.42.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Сауд Аравия Азия өлкөлөрүнө август айында сатыла турган мунайдын баасын кескин төмөндөттү. Бул бааны акыркы 25 жылдагы эң көп арзандатуу экендигин Bloomberg агенттигине таянып, ТАСС билдирет.

Маалыматка ылайык, Arab Light үлгүсүндөгү мунайдын баасы баррелине 11 долларга төмөндөдү. Мындай өзгөрүү рыноктогу адистер күткөндөн да көп болду. Алар баа болжол менен 8 долларга гана төмөндөйт деп эсептеп жатышкан.

Адистердин айтымында, баанын төмөндөшү Азиядагы сатып алуучулар үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Ошондой эле бул дүйнөлүк мунай рыногундагы атаандаштыктын күчөп жатканын көрсөтөт.