Сасык тумоону коомдук жайларда жугузуп алуу коркунучун кантип азайтуу керек?

Ден соолук Загрузка... 11 Декабрь 2025 09:38
WhatsApp Image 2025-12-10 at 15.15.49.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн бир катар алдын алуу чараларын сунуштады.

Адистердин айтымында, коомдук жайларда алдын алуу чараларын так сактоо маанилүү:

  • коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же антисептикалык каражаттарды колдонуңуз;
  • оорунун белгилери бар адамдардан өзүңүздү алыс кармап, аралыкты сактаңыз;
  • жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз;
  • жөтөлүү же чүчкүрүү этикетинин эрежелерин сактаңыз. (Чүчкүргөндө же жөтөлгөндө мурдуңузду же оозуңузду чыканагыңыздын бүгүлгөн жери менен жабыңыз, болбосо бет аарчы колдонуңуз).
  • коомдук жайларга барган учурда беткап колдонуңуз жана социалдык аралыкты сактаңыз.

Эгерде оорунун белгилери пайда болсо, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу зарыл.