Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Өлкөдө 17-ноябрдан 23-ноябрга чейин курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун 13 миң 54 учуру катталды. Бул аркы жумага салыштырмалуу 1,6 эсеге өстү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Динагүл Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, бардык оорулардын 69,4%ы 14 жашка чейинки балдар - 9055 учур. Ооруканага жаткырылгандар - 7,2% (945 учур).
Динагүл Оторбаева белгилегендей, республикалык көрсөткүчтөн жогору оорунун деңгээли Бишкек, Ош, Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында катталган. Учурда эпидемиологиялык абал туруктуу, мониторинг уланууда.
“Ооруган жарандардын үлгүлөрүнүн лабораториялык анализинин натыйжалары боюнча сасык тумоонун A/H3N2 түрү - 91,3%, грипптин В түрү - 3,8% жана COVID-19 4,8% көрсөтүп сасык тумоонун сезондук учуру башталганын аныктайт. Мындан тышкары, курч респиратордук вирустук инфекциялар да айланууда, анын ичинде риновирус 28,9%, аденовирус 24,4%, I-IV парагрипп 20%, РС вирусу 6,7% жана башкалар 20%”, - деди ал.

Ошондой эле Динагүл Оторбаева республика боюнча мектеп окуучуларынын сабакка баруусуна мониторинг жүргүзүлүп жатканын айтты.
Сасык тумоо мезгилинин башталышын эске алуу менен төмөнкүлөр сунушталат:
- Эл көп топтолгон жерлерден (концерттерден, соода борборлорунан) алыс болуңуз. Мүмкүн болсо коомдук транспортту колдонууну азайтыңыз,
- Медициналык беткаптарды кийиңиз — алар бетке бекем жайгашып, мурун менен оозду жаап, 2-3 саат сайын же ным болгондо алмаштырып туруу керек,
- Эгерде биринчи белгилер пайда болсо, башкаларга жуктурбоо үчүн үйдө болуңуз жана балдарды мектепке же бала бакчага жибербеңиз,
- Оорунун биринчи белгилери пайда болгондо дароо дарыгерге кайрылуу – убагында жана жашына ылайыктуу дарылоону алуу зарыл,
- Балдарды дем алуу органдарынын гигиенасына үйрөтүү: жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө бир жолу колдонулуучу кагаздарды колдонууну, оозду жана мурунду алакан менен эмес, чыканак менен жабууну,
- Бөлмөлөрдү үзгүлтүксүз желдетип туруу - күнүнө 3-4 жолудан кем эмес 10-15 мүнөт,
- Төшөк режимин сактоо – грипп жуктурган бейтапты изоляциялоо - мүмкүн болсо, ага өзүнчө бөлмө берүү, өзүнчө идиштерди жана сүлгүлөрдү колдонуу.