Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Ош облусунун Алай районуна караштуу Сары-Могол айылында заманбап бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, бала бакчанын жалпы аянты 1398 чарчы метрди түзүп, 140 орунга ылайыкталган. Азыркы тапта курулуш-монтаждоо иштери 65 пайызга бүткөрүлдү.
Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Объекттин жалпы наркы 86 млн сомду түзөт.
Бала бакчаны быйыл жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.