Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун кыргыз туркомпаниялары тарабынан 25-августтан 10-сентябрга чейин созулган эс алуу күндөрүнө карата даярдалган туристтик сунуштар менен тааныштырууну улантууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул мезгилде туроператорлор бир күндүк саякаттардан жана тоолордо активдүү эс алуудан тартып, Кыргызстан боюнча көп күндүк турларга жана чет өлкөлүк багыттарга чейин ар түрдүү саякаттарды сунушташууда.
Үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен эс алуунун бир варианты — Sunrise Travel туристтик компаниясынын турлары. Программага Сары-Челек, Соң-Көл, Көл-Суу, Ысык-Көл, Алтын-Арашан, Көл-Төр, Ала-Арча капчыгайы жана башка кооз жерлерге саякаттар кирет.
Sunrise Travel компаниясынын турун брондогондо "BISHKEK-VIK" промокоду аркылуу арзандатуу алууга болот.
Кошумча маалыматты Токтогул көчөсү, 77 дарегинен же +996 501 010 121 (WhatsApp) телефону аркылуу алууга болот. Instagram: @sunrise.travel.kg
Белгиленгендей, жаңы окуу жылы 15-сентябрда баштала тургандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын эс алуу күндөрүн үй-бүлөсү жана достору менен пайдалуу өткөрүп, Кыргызстан боюнча туристтик саякаттарга чыгып келүүгө чакырат.
Ошондой эле башка туроператорлордун кызыктуу сунуштары менен таанышсаңыздар болот:
- Pro Travel — +996 555 691 020, +996 507 030 987; Instagram: @protravel.kgz
- Askunai Tour — +996 507 600 018, +996 708 540 356; Instagram: @askunay_tour
- Fun Travells — +996 502 402 060; Instagram: @fun_travells
- Kapriz Travel — +996 508 100 210; Instagram: @kapriz_travel
- PEGAS Trip — +996 504 160 623; Instagram: @pegas_trip
- Di Travel kg — +996 704 000 029; Instagram: @di_travel_kg
- Kyrgyzworld — +996 557 204 065; Instagram: @kyrgyzworld_trip
- Sunrise Travel — +996 501 010 121; Instagram: @sunrise.travel.kg
- Nomad spirit — +996 702 040 218; Instagram: @nomadspirit.kg
- Trekkingunion.kg — +996 556 101 933; Instagram: @Trekkingunion.kg