Сары-Булак – Арчалы – Оруктам унаа жолунун 5 чакырымы асфальтталат

Коом Загрузка... 14 Июль 2025 15:26
517387932_1047867457522000_9211951491253222592_n.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Сары-Булак – Арчалы – Оруктам унаа жолунун 6-11 чакырымдар аралыгына асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникциялар министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, чыгымдар капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланат. Бүгүнкү күндө долбоордук-сметалык документтери даярдалууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, аталган жол тилкеге катуу жааган жаан-чачын менен катар "Ак-Таш" ишканасынын оор жүк ташуучу унаалары жана Солтон-Сары багытына жүргөн жүк ташуучу техникалар жолдун тез бузулушуна алып келүүдө.

"Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасына караштуу №14 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жолду калыбына келтирүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

Сары-Булак – Арчалы – Оруктам жолу айына орто эсеп менен 1-2 жолу сүрүп-тегиздөө үчүн тейлөөгө алынган. Учурда аталган жолдун 65-70-чакырым аралыгында 1 даана автогрейдер иштеп, жолду тегиздөө иштерин аткарууда.

Белгилей кетсек, Сары-Булак – Арчалы – Оруктам автожолунун жалпы узундугу 176,7 км түзөт.