ШКУнун ЖМКлары жалган маалыматтарга каршы биригиши керек – Сарногоева

ШКУ Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 17:45
WhatsApp Image 2026-07-27 at 17.46.01.jpeg
copyright icon Кабар

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Маалыматтык чакырыктар күчөп жаткан шартта ШКУ өлкөлөрүнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маанилүү. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева Бишкекте өтүп жаткан ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМК форумунда “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү иш-чара ШКУга мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн өз ара диалог жүргүзүүгө, тажрыйба алмашууга жана натыйжалуу кызматташуу механизмдерин иштеп чыгууга шарт түзөт.

“Азыркы учурда дүйнө жүзүндө маалыматтык чабуулдар, жалган маалыматтар жана бурмаланган маалыматтар көбөйүп жаткан шартта мындай аянтчалар өзгөчө мааниге ээ”, — деди ал.

Салкын Сарногоева форум ЖМК өкүлдөрүнө тажрыйба алмашууга жана маалымат тармагындагы жаңы ыкмаларды издөөгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

“ШКУ миллиарддаган аудиторияны бириктирет. Бул мүмкүнчүлүктү кызматташууну өнүктүрүү үчүн натыйжалуу колдонушубуз керек. Уюм өлкөлөрдүн ортосундагы байланышты бекемдеп, өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүдө. Бул процессте жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу абдан чоң”, — деп баса белгиледи министрдин орун басары.

Ал ошондой эле медиа тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды мындан ары чыңдоонун маанилүү багыттарынын бири болорун кошумчалады.