Бишкек, 03.09.26. /Кабар/. Бүгүн Кырчында "Сармерден" оюн-зоок кечеси өттү.
Анда Москвадан келген мекендеш кыздардан турган топ менен Кыргызстандын жигиттер курама тобу кезектешип ырдап, бири-бири менен макал жана табышмак айтышып, таймашышты.
Анда кыздардан жигиттер өзгөчөлөнүп, жеңишти илип кетти.
“Кабар” агенттигине “Сармерден” долбоорунун негиздөөчүсү жана режиссеру Сагын Ниязалиева маалымдагандай, “Сармерден” оюн-зоок кечеси эртең да уланат.
“Эртең Кырчында кытайлык кыргыз кыздардан турган топ менен Кыргызстандын жигиттерден куралган тобу көрүүчүлөргө ыр-күлкү тартуулайт”, - деп айтты ал.