Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти дыйкандарды сапаттуу жана сертификацияланган үрөн менен камсыз болууга чакырды.
Маалыматта айтылгандай, жерди канчалык жакшы иштетип, убагында сугарып, көп эмгек жумшалганына карабастан, эгер үрөн сапатсыз болсо күткөндөй натыйжа болбойт.
Бүгүнкү күндө көпчүлүк дыйкандар өткөн жылдан калган, же тиешелүү тастыктоочу документтери жок үрөндөрдү колдонуп келишет. Сыртынан жакшы көрүнгөнү менен мындай үрөндүн сорту, тазалыгы жана өнүп чыгуусу белгисиз болуп, тобокелчилик менен себилет. Натыйжада ашыкча чыгым болуп, эмгек текке кетип, үмүт акталбайт.
Сертификатталган үрөн — сапаты текшерилген, сорту тастыкталган үрөндөр. Бул жөн гана кагаз эмес, сиздин эмгегиңиздин үзүрүн камсыз кылган кепилдик.
Биздин максат — сертификацияланган үрөндү эмне үчүн колдонуу зарыл экенин, аны кайсы жерлерден сатып алууга болорун жана сапаттуу үрөндү кантип таандоого болорун жөнөкөй жана пайдалуу маалымат аркылуу түшүндүрүп берүү.
Бул максатта департамент коомдук тармактар — Facebook, Instagram аркылуу үзгултүксүз маалыматтарды бөлүшүп турат. Ал жакта сертификатталган үрөн колдонгон дыйкандардын реалдуу мисалдарын, көрсөткүчтөрүн жарыялап, суроолорго жооп берилет.
Сиздерге бүгүнтөн баштап төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- Facebook же Instagram баракчабызга катталыңыздар; @departament_expertizy
- суроо берүүдөн тартынбай, өз тажрыйбаңыздар менен бөлүшүңүздөр;
- үрөн сатып алууда шайкештик сертификатын талап кылып сөзсүз текшериңиздер;
- алгач жок дегенде ченемдүү аянтка же жердин бир бөлүгүнө сертификатталган үрөндү колдонуп, жыйынтыгын салыштырып көрүңүздөр.
Сертификатталган үрөн — өз эмгегиңизге болгон сый, туруктуу түшүм жана ишенимдүү келечек.