Бишкек, 19.12.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мөмөлүү бактарды тигүү боюнча кеңеш берди.
Ведомствонун маалыматына караганда, мөмөлүү бак-дарактарды эгүүдө эң биринчи аймактын климаттык шарттарын жана бактын биологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу зарыл. Кыргызстандын түштүк аймактарында бак-дарактарды кышкы, күздүк жана жаздык эгүү ыкмалары менен эгүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Ал эми түндүк аймактарында бак-дарактарды негизинен күзүндө же жазында эгүү сунушталат. Себеби, кышкы эгүүдө жер катуу тоңуп, көчөттүн тамыры жабыркап, бак өсүп кетпей калуу коркунучу жогору.
Эгүү мөөнөттөрү климаттык шарттарга жана көчөттүн биологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша аныкталат.
Күздүк эгүүнүн артыкчылыктары күзүндө эгилген көчөттөрдүн:
- тамыр системасы жакшы калыптанат;
- жерде бат жанданат;
- жазында эрте ойгонуп, тез өсө баштайт.
Күздүк эгүү көчөттүн жакшы өсүп кетишине 100 пайызга жакын шарт түзөт.
Октябрь айында көчөттөр бүчүр байлап, тамырлары жетилип, табигый уйку абалына өтө баштайт. Дал ушул мезгилде эгилген бактар жакшы өсүп, түшүмдүүлүгү жогору болот.
Жаздык эгүү качан жүргүзүлөт?
Эгерде күзүндө эгүүгө жетишпей калса, анда жазында эгүү керек. Жаздык эгүү 15-марттан 15-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул мөөнөттөн кийин эгүүнү токтотуу зарыл, анткени көчөттөр ысыкка чыдабай начарлап кетиши мүмкүн.
Маанилүү эскертүү: Бир жумадан ашык убакыт сыртта, ачык абада турган көчөттөрдү эгүүгө болбойт. Мындай көчөттөр 60–70 пайызга чейин куурап кетүү коркунучуна алып келет.
Көчөт тандоодогу негизги талаптар Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- сертификатталган;
- сапаттуу;
- талаа инспекциясынан өткөн көчөттөрдү гана сатып алуу.