Сапаттуу аудит - мамлекеттик институттардын ачык-айкындуулугун камсыздайт – Акматов

Экономика Загрузка... 25 Ноябрь 2025 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.11.25 /Кабар/. Сапаттуу жана көз карандысыз аудит - мамлекеттик институттардын ачык-айкындуулугун жана туруктуулугун камсыздап, натыйжалуу мамлекеттик башкаруунун негизи боло алат. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов GSAI долбоорунун жыйынтыгын чыгаруу учурунда билдирди.

Анда төрага “биз долбоордун алкагында аудитти пландоодо жана өткөрүүдө заманбап ыкмаларды колдонууну үйрөндүк. Бул өзгөрүүлөр жарандардын мамлекеттик ресурстарды башкарууга болгон ишенимин бекемдейт. Ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу бизге заманбап инструменттерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн берди жана кызматкерлерди жаңы жетишкендиктерге шыктантты”,-деди.

Белгилей кетсек, 2023–2025-жылдар арасы GSAI (Отчеттуулуктун глобалдык демилгесин колдоо) долбоорунун биринчи этабында төмөндөгү иштер жасалды:

  • Аудитти ISSAI эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүү;
  • Жаңы аудит методикаларын кабыл алуу;
  • Аудиторлорду окутуу жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу;
  • Санариптештирүү стратегиясын иштеп чыгуу;
  • Коммуникация стратегиясын кабыл алуу;
  • Ички эрежелерди жаңылоо жана этикалык кодексти кабыл алуу.

Долбоор Польшанын Жогорку аудит органы, IDI уюуму менен биргеликте, Европа Биримдиги менен Сауд Аравиясынын аудит органынын колдоосу менен ишке ашырылып келет.