Санитардык нормаларды бузуу: Бишкекте 9 коомдук тамактануучу жай жабылды

Коом Жүктөлүүдө... 17 Июль 2026 09:05
748480830_1815592862940469_6143676518392954231_n.jpg
748592736_1542317297374520_2851490366583921397_n.jpg
748597642_1365167425720900_4389921552679305425_n.jpg
748614585_1527400925833251_1564767133157319716_n.jpg
748718692_1020521187436436_2112956251847109877_n.jpg
748763656_1429060539284731_670347532345245685_n.jpg
749286101_1579183440544111_7679522868974076956_n.jpg
749330301_1560856978918042_3986161659646574885_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 17.07.26. /Кабар/. Бишкекте санитардык-эпидемиологиялык талаптарды одоно бузган 9 коомдук тамактануучу жайдын иши убактылуу токтотулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүү Бейшеналиева көчөсүнүн Чүй проспектисинен Пушкин көчөсүнө чейинки тилкесинде ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүргүзүлдү.

Мурда берилген эскертүүлөргө карабай, санитардык ченемдерди бузууну уланткан объекттердин ишмердүүлүгү 15-июлда токтотулду.

Райондук администрация калктын ден соолугун коргоо жана санитардык тартипти камсыздоо боюнча текшерүүлөр мындан ары да уланарын билдирди.