Санаторийлерге акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулар алынат

Коом Загрузка... 10 Апрель 2025 11:22
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. Өлкөнүн санаторий жана курортторуна Россиядан медициналык заманбап үлгүдөгү жабдуулар сатып алынат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине санаторий жана курортторго арналган медициналык жабдуулардын көргөзмөсүндө президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнова билдирди.

WhatsApp_Image_2025-04-10_at__zlvQn0f.max-1920x1080.format-webp.webp

“Санаторий жана курорт объектилерин дарылануучуларга заманбап дарылоо жана профилактикалык процедураларын көргөзө ала тургандай деңгээлге жеткирүү – биздин башкы максатыбыз. Мындан улам бүгүнкү көргөзмө уюштурулуп жатат. Бул жерден жогоруда аталган мекеме өкүлдөрү тандап алган жабдуулар Россиядан алынып келинет”, - деди ал.

Көргөзмөдө ошондой эле россиялык компаниялардын инсульт алган оор акыбалдагы оорулуулардан бери бутуна тургуза алуу мүмкүнчүлүгү бар ар кандай көптөгөн жабдуулары көрсөтүлдү.

Анда Элмира Үсөнова “өлкөдөгү курорттор менен санаторийлер дүйнөлүк стандарттарга теңелип, биздин жарандарга гана эмес жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө дагы кызмат көрсөтө алса деген тилегибиз бар”, - деген оюн билдирди.

Белгилей кетсек, медициналык жабдуулардын көргөзмөсү бүгүн мамлекеттик резиденцияда ачылган “Кыргызстандын заманбап санаторийлери жана курорттору – жаңы көз караштар жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктары” аттуу илимий-практикалык конференциянын алкагында өтүүдө.