Санариптик шайлоо тажрыйбасы биз үчүн да кызык болууда - Ахмет Йенер

Шайлоо Загрузка... 29 Ноябрь 2025 15:15
WhatsApp Image 2025-11-29 at 11.23.31.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.11.25 /Кабар/.Санариптик шайлоо тажрыйбасы биз үчүн да кызык болууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Ахмет Йенер билдирди.

Ал өз сөзүндө өлкөдө алгачкы жолу колдонуу алдында турган санариптик шайлоо системасы аны да кызыктырып жатканын белгиледи.

“Бул тажрыйбанын колдонулушуна күбө болуп, көрүп кетели деп жатабыз. Жалпылап айтканда, алдыда боло турчу шайлоого байкоочу болуунун өзү бизге кызык”,-деди ал.

Андан сырткары, Ахмет Йенер кыргыз парламентинин гендердик принциптерине жогору баалап жатып, анда 30дан аз эмес аялдар жана ошондой эле сандагы эркек өкүлдөр болушу керек деген талап - өлкөнүн саясий системасында өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, эртең, 30-ноябрда ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланат.

БШК 58 өлкөдөн 788 эл аралык байкоочуну каттоодон өткөргөн.