Учурда Социалдык фонд пенсия системасын реформалоонун биринчи этабын жыйынтыктап, экинчи баскычка пландалган иштерге киришти. 2021-жылдан берки иштердин негизги натыйжалары көзгө көрүнөрлүк деңгээлде. Биринчи жолу пенсиянын минималдуу өлчөмү 7200 сомду түзүп, жашоо минимумуна жеткирилди. Ал эми орточо пенсия дээрлик эки эсе көбөйүп, 11 миң сомдон ашты. Минималдуу эмгек стажы 5 жылдан 6 жылга көбөйтүлдү. Ошол эле убакта система санарип трансформациядан өтүп жатат. Ушул жылдын июль айынан тарта жашы жеткендерди пенсияга чыгаруу онлайн жүргүзүлмөй болду. Бул тармактагы өзгөрүүлөр социалдык жана экономикалык өнүгүүгө да таасирин тийгизет.
Кыргызстандын пенсия системасы узак жылдар бою реформага муктаж тармактардын сап башында турду. Финансы рыногунун алсыздыгы, жеке сектордун бейрасмий иш алып баруусу пенсияны маянанын эсебинен топтоого толук мүмкүндүк бербей келген. Алсак, 2005-жылы орточо пенсия болгону 700 сомдун тегерегинде эле. 2015-жылы 4790 сомго жетип, 2020-жылы 6186 сом болгон. Соцфонддо 2021-жылы башталган реформанын натыйжасында учурда орточо пенсия 11 238 сомго жетти.
Ошондой эле акыркы 5 жылдагы реформалар пенсияга байланыштуу түшүнүктөрдү жеңилдетти. Пенсия – бул жөлөк пул эмес, карылыкты камсыздоочу төлөмдөр экенин жана соцфондго чегерүү канчалык көп болсо, пенсия да ошончолук жогору болорун түшүнүп калдык.
Социалдык фонд жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалары жана мындан аркы пландары боюнча “Кабар” агенттигине маалымат берди. Реформа эки этапка бөлүнгөн.
Социалдык фондду реформалоонун биринчи этабынын жыйынтыктары
2021-2025-жылдар аралыгындагы реформанын биринчи этабы пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун бекемдөөгө жана жарандардын татыктуу жашоосун камсыз кылууга багытталды.
Эң негизги жыйынтыктар:
- Пенсиялардын өсүшү: Акыркы 5 жылда пенсиянын орточо өлчөмү 6186 сомдон 11 238 сомго чейин, башкача айтканда, дээрлик эки эсеге өстү. 2024-жылы маанилүү чечим кабыл алынып, баардык пенсиялардын төмөнкү чеги жашоо минимумунун деңгээлине жеткирилди.
- Финансылык масштаб: Эгерде 2021-жылы пенсияга 51 млрд сом жумшалса, 2025-жылга карата бул сумма 110,3 млрд сомго жетти.
- Санариптештирүү: Соцфонддун жаңы автоматташтырылган маалымат тутуму толук ишке кирди. Банк жана почта аркылуу пенсия алгандар 100% электрондук форматка өткөрүлдү. “Түндүк” аркылуу 17 мамлекеттик орган менен маалымат алмашуу бюрократияны жоюп, көптөгөн маалымкаттарды талап кылууну токтотту.
Реформанын биринчи баскычындагы мыйзамдык жана социалдык өзгөрүүлөр
2024-жылы кабыл алынган жаңы мыйзамдын негизинде бир топ жеңилдиктер киргизилди:
- Пенсиянын базалык бөлүгү толук өлчөмдө чегериле баштады.
- III-топтогу майыптар үчүн камсыздандыруу бөлүктөрү толук өлчөмдө белгиленди.
- Баккан адамынан айрылган балдар үчүн пенсия алуу курагы 16 жаштан 18 жашка чейин жогорулатылды.
- Өз убагында алынбай калган пенсияны кайра алуу мөөнөтү 3 жылдан 5 жылга чейин узартылды.
Топтоо фонддорун натыйжалуу пайдалануу: Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, каражаттарды алтынга жана баалуу металлдарга жайгаштырууга уруксат берилди. Ошондой эле, жарандарга бул каражаттарды ипотеканын баштапкы төгүмүнө, үлүштүк курулушка же оор ооруларды дарылоого колдонуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Бизнеске колдоо: Ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 27,25%дан 12,25%га чейин төмөндөтүлдү. Бул кадам экономиканы көмүскөдөн чыгарууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берди.
Биринчи этаптын жыйынтыгы — бул санариптешкен, ачык-айкын жана каржылык жактан кубаттуу пенсиялык системанын курулушу болду.
Реформалоонун 2026-2045-жылдарга белгиленген экинчи этабында аткарыла турган иштер
Пенсиялык реформанын экинчи этабы — 2026-жылдан 2045-жылга чейинки узак мөөнөттүү стратегия. Анын негизги максаты — системанын финансылык туруктуулугун бекемдөө жана ар бир жарандын кошкон салымына жараша татыктуу пенсия алуусун камсыз кылуу.
Экинчи этаптагы артыкчылыктуу багыттар:
- Камсыздандыруу принциптерин күчөтүү: “Көмүскө" экономикадан чыгуу жана формалдуу иш менен камсыз кылууну кеңейтүү саясаты уланат. Салыктык эмес кирешелерди чогултууну оптималдаштыруу аркылуу Пенсиялык фонддун өздүк кирешелерин жогорулатуу пландалууда.
- Санариптик трансформация: Жарандардын камсыздандыруу стажын жана кирешелерин эсепке алуу толугу менен санариптикке өткөрүлөт. Бул келечекте пенсияны адамдын катышуусуз эле, автоматтык түрдө чектөөгө жол ачат.
- Параметрдик реформалар: Демографиялык өзгөрүүлөрдү жана экономикалык шарттарды эске алуу менен, система мезгил талабына ылайык ийкемдүү өзгөртүлүп турат. Бул — келечектеги пенсионерлердин алдындагы мамлекеттик милдеттенмелерди толук аткаруу үчүн зарыл.
- Топтолмо компонентти өнүктүрүү: Жарандардын пенсиялык топтоолоруна болгон кызыгуусун арттыруу жана инвестициялык кирешелүүлүктү жогорулатуу механизмдери өркүндөтүлөт.
Экинчи этаптын башкы көрсөткүчү — бул экономикалык активдүү калктын 100% социалдык камсыздандыруу менен камтылышы жана пенсиялык системанын тышкы дотацияларга муктаждыгын минималдаштыруу болуп саналат.
Жашы жеткендерге пенсия автоматтык түрдө чегерилет
Жашы жеткен жарандарга пенсияны автоматтык түрдө чектөө боюнча жаңы проактивдүү кызмат 2026-жылдын 1-июлунан тартып ишке кирет. Жаран пенсия курагына жеткенде (туулган күнүнө бир ай калганда) тиешелүү маалыматтар мамлекеттик маалыматтык системалар аркылуу автоматтык түрдө чогултулуп, пенсия чектөө процесси адам түздөн-түз кайрылбаса деле жүргүзүлөт.
Жаңы механизмдин алкагында Социалдык фонд башка мамлекеттик органдардын маалыматтык системалары менен интеграцияланып, жаран тууралуу керектүү маалыматтарды (эмгек стажы, жеке маалыматтар ж.б.) электрондук форматта алат. Эгерде маалыматтар толук жана так болсо, пенсия автоматтык түрдө эсептелип, дайындоо жөнүндө жаранга “Түндүк” тиркемеси аркылуу билдирүү жөнөтүлөт. Билдирүүдө банктык эсеп ачуу үчүн тиркемеден банкты тандоо сунушталат. Демек банктык реквизиттер дагы автоматтык түрдө, жарандын катышуусуз эле алынат.
Ошондой эле майыптык боюнча пенсия чектөөдө да проактивдүү ыкма колдонулат. Бул система жарандардын убактысын үнөмдөөгө, документ топтоо зарылдыгын азайтууга, адам факторун кыскартууга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ачыктыгын жана ыкчамдыгын жогорулатууга багытталган.
Минималдуу эмгек стажын эсептөө эрежеси өзгөрдү
Кыргызстанда пенсия чектөө үчүн талап кылынган минималдуу эмгек стажы боюнча талаптар өзгөртүлдү. Бул өзгөрүүлөр 2024-жылы мыйзамдарга киргизилген.
Мурда аялдар 58 жашка, эркектер 63 жашка чыкканда толук пенсия алуу үчүн 20 жыл эмгек стажы талап кылынган. Эгер стаж жетишсиз болсо, жаранга толук эмес пенсия чектелчү.
2024-жылдын 1-июлунан тартып мурдагы норма өзгөртүлүп, “минималдуу стаж” деген түшүнүк киргизилди. Ал учурда толук пенсия чектөө үчүн 5 жыл минималдуу стаж жетиштүү болуп белгиленген.
Ал эми 2026-жылдын 1-январынан тартып минималдуу стаж 6 жыл болуп белгиленип, андан ары жыл сайын көбөйтүлөт. Пландалган тартипке ылайык, 2045-жылга чейин минималдуу стаж 20 жылга жетип токтойт.
Бул өзгөртүүлөрдүн негизги себептери төмөнкүлөр:
- Пенсиялык системанын туруктуулугун камсыз кылуу;
- Жарандардын расмий иштеп, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөсүн стимулдаштыруу;
- Эмгек стажы жана камсыздандыруу төлөмдөрү аркылуу пенсиялык укуктарды адилеттүү эсептөө;
- Расмий эмес иштөөнү азайтуу жана пенсиялык камсыздоону тартипке келтирүү.
Жыйынтыктап айтканда, аталган минималдуу стаж талабы салыктан качып, катталбастан иштеген жарандарды жана ишкерлерди көмүскөдөн чыгарары айтылууда. Карыганда жакшы пенсия алам дегендер жумушка расмий катталып, минималдуу чекке жеткире иштөөсү керек болот. Жарандар өз келечегин, карылыгын камсыздоого жоопкерчиликти жаштайынан баштайт деген ишеним бар.