Санариптик кызматтар кыргызстандыктардын жашоосун жеңилдетет - Алмаз Раимбеков

Коом Загрузка... 26 Сентябрь 2025 18:06
WhatsApp Image 2025-09-26 at 15.41.04 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Бишкекте “Кызмат” мамлекеттик мекемеси иштеп чыккан жаңы санариптик кызматтардын таанытымы болду.

Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Алмаз Раимбековдун айтымында, учурда жүргүзүлүп жаткан жаңылануулардын аркасы менен жарандар камсыздандыруу кызматтарын, техникалык паспортторду жана башка документтерди онлайн тартипте тезирээк жана ыңгайлуу ала алышат.

Ошондой эле орун басардын маалыматына ылайык, жалпысынан беш программа ишке киргизилип, алар жарандардын мамлекеттик кызматтарга жетүүсүн жеңилдетет.

“Эң актуалдуу багыттардын бири – бул камсыздандыруу. Бул кызмат мүмкүн болушунча ыңгайлуу болуп түзүлүп, болгону төрт баскыч менен кызмат алууга шарт түзөт. Андан сырткары, техникалык паспорт алууга арызды “Түндүк” тиркемеси аркылуу берүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул үчүн мекемеге барып кезекке туруунун зарылчылыгы жок. Бара-бара башка дагы санариптик кызматтар кошулат”,-деди ал.

Ошондой эле ал мекеменин негизги максаты – мамлекеттик кызматтарды жарандар үчүн мүмкүн болушунча жеткиликтүү жана ачык кылуу экендигин белгиледи.

“Президент Садыр Жапаров биздин алдыбызга жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү тапшырмасын койгон. Биз санарип доордо жашап жатканыбызга байланыштуу, көптөгөн маселелерди жөн гана “Түндүк” тиркемесин ачуу менен чечип алсак”,-деп кошумчалады Раимбеков.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги үчүн “Кызмат” мекемеси иштеп чыккан жаңы онлайн кызматтардын таанытымы өттү.