Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Бүгүнкү күндө санариптештирүү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бардык тармактарында ырааттуу түрдө ишке ашырылууда. Бул тууралуу министрдин орун басары Чыңгызбек Мамат уулу маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жөлөк пулдарды дайындоо, ар кандай социалдык төлөмдөрдү жүргүзүү жана башка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процесстери толугу менен санариптештирилген.
Ал белгилегендей, бул жарандарга кызматтарды тез, ачык-айкын жана мыйзам талаптарына ылайык көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
"Бул жыйынтыктар бир жагынан министрликтин функцияларын натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзөт жана мамлекеттик бюджеттин каражаттарын даректүү жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылат. Экинчи жагынан жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. "Түндүк" системасы аркылуу алар керектүү документтерди онлайн режиминде тапшырып, мамлекеттик кызматтарды жана төлөмдөрдү тез, оңой жана убакытты текке кетирбестен ала алышат", — деди Чыңгызбек Мамат уулу.
Ал кошумчалагандай, эң негизгиси, санариптик технологиялар адам факторун четтетип, ортомчуларды жок кылып, алдамчылардын маселени чечүүнү тездетүүнү сунушташына жол бербей, коррупцияны бир топ азайтат. Жарандын документтери мыйзам талаптарына ылайык даярдалып, автоматташтырылган маалымат системасына киргизилсе, мамлекеттик кызмат ачык, айкын жана эч кандай тоскоолдуксуз көрсөтүлөт.