"Санарип MED" аркылуу кандай медициналык кызматтарды алууга болот?

Ден соолук Загрузка... 03 Июль 2025 10:00
242508.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. "Санарип MED" — бул Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан саламаттык сактоо тармагын санариптик трансформациялоонун максаттуу модели.

Ведомстводон маалымдашкандай, программа саламаттык сактоонун бардык деңгээлдерин — баштапкы медициналык жардамдан тарта адистештирилген жардамга чейин камтыган бирдиктүү санарип экосистеманы түзүүгө багытталган.

Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо уюмдарында клиникалык жана башкаруучулук ишмердүүлүктүн негизги багыттарын камтыган бир катар санарип чечимдер ийгиликтүү ишке ашырылып, колдонулууда:

  • дарыгерге электрондук жазылуу — онлайн түрүндө кабыл алууга катталуу;
  • бейтаптын санарип картасы — бейтаптын медициналык таржымалына, диагноздоруна, дайындоолоруна жетүү мүмкүнчүлүгү;
  • эмдөөнүн санарип картасы — PUSH-билдирмелер менен коштолгон, эмдөө күн тартибин эске алган система;
  • лабораториялык диагностика боюнча маалыматтык система — анализдердин жыйынтыктарын санарип форматта түзүүгө жана жөнөтүүгө мүмкүндүк берет;
  • электрондук маалымкаттар;
  • наркологиялык жана психиатриялык каттоодо туруу боюнча;
  • эмгекке убактылуу жарамсыздык тууралуу (электрондук ооруга байланыштуу өргүү кагазы);
  • ден соолугунун абалы боюнча маалымкат (083/у формасы);
  • санарип статистика жана мониторинг системасы — медициналык отчеттук маалыматтарды автоматташтырылган жыйноо жана талдоо;
  • төрөт жана өлүмдөрдү каттоо системасы — Жарандык абалдын актыларын каттоо органдары менен ыкчам маалымат алмашуу үчүн;
  • эпидемиологиялык мониторинг системасы — эпидемиологиялык мааниге ээ учурлар боюнча ооруларды жана өлүмдөрдү өз убагында аныктап, каттап, талдап жана маалымат алмашууга шарт түзгөн адистештирилген санарип платформа.

Санариптештирүүнүн артыкчылыктары:

  • медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жана ыңгайлуулугу жогорулайт;
  • маалыматтардын тактыгы жогорулап, кагаз жүзүндөгү жүктөм кыскарат;
  • процесстер автоматташтырылып, чечим кабыл алуу ыкчамдайт;
  • медициналык уюмдар менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жеңилдейт ("Түндүк" системасы аркылуу интеграциянын аркасында).

Бул чечимдердин ишке ашырылышы улуттук өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашырууга көмөктөшүп, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн туруктуу санарип платформа түзөт.