Бишкек, 29.09.25./Кабар/. “Түндүк” тиркемесиндеги “Sanarip Clinic” системасы аркылуу 3 миллионго жакын электрондук бейтап картасы түзүлүп, 7,6 млн кайрылуу катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нургүл Аднаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, ар бир жаран өзүнүн телефонуна “Түндүк” тиркемесин жүктөп алып, борбордук маалыматтык система “Sanarip Clinic” аталган санарип клиника аркылуу өзүнүн ден соолугун чыңдоо, оорунун алдын алуу, эмдөө, лабораториялык диагностикалык изилдөөлөр боюнча маалымат ала алат.
“Бул жарандарыбыздын ден соолугун чыңдоо үчүн келип, катталып жаткандыгын билгизет. Экинчиден 7,6 млн медициналык визит, бул сан да жылдан жылга өсүп биздин жарандарыбыз “Түндүк” аркылуу онлайн жазылып, медициналык кызмат алууга катталууда. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга катталганбы же катталган эмеспи бул тууралуу маалымат да ала алат. Андан башка, жарандарыбыз төрөлгөндөн тартып кандай эмдөөлөрдөн өттү ошол тууралуу маалыматтар камтылган. Эгерде жаран амбулаториялык деңгээлде лабораториядан өткөн болсо, жыйынтыкты “Түндүк” аркылуу алса болот. Мурда бейтапканага барып кезек түзүп анализ тапшыргандан кийин дагы барып анализдин жыйынтыгын алганга убакыт кетирчү. Азыр медицина кызматкерлерине, жарандарга да оңой, жыйынтык электрондук картасына келип түшөт. Ар бир жаран тиркеме аркылуу текшерүүлөрдүн жыйынтыгын алууга укуктуу”,- деди Аднаева.
Мындан тышкары, санарип клиника менен психоневрологиялык, наркологиялык каттоодо тургандыгы же турбагандыгы тууралуу маалыматтарды алса болоорун саламаттык сактоо министринин орун басары кошумчалады.