Бишкек, 06.08.26 /Кабар/. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды.
Агенттиктин маалыматына ылайык, кеңейтилген жыйында мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү, кадр саясаты, санариптештирүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана эл аралык кызматташуу багыттарында аткарылган иштер талкууланды.
Жыйында "Санарип аймак" жана e-Kyzmat системаларын ишке ашыруу, кадрлар резервин түзүү, тестирлөө жана жүргүзүлүп жаткан реформалардын жүрүшү тууралуу баяндамалар жасалды. Катышуучулар экинчи жарым жылдыкка карата негизги артыкчылыктуу милдеттерди белгилешти.
Жыйындын соңунда мамлекеттик кызматты өнүктүрүүгө кошкон салымы жана үзүрлүү эмгеги үчүн агенттиктин бир катар кызматкерлери ведомстволук сыйлыктар менен сыйланды.