Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Саналуу сааттардан кийин “Бишкек Аренада” VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтөт.
Учурда чет элдик делегациялар, салтанаттуу аземге чакырылгандар жана жарандар стадиондогу орундуктардан орун алышууда. Ал эми уюштуруучулар иш-чаранын ачылышына кызуу даярдыктарды көрүшүүдө. Мында ата мекендик жана чет өлкөлүк ырчы, аткаруучулар өнөрлөрүн тартуулашмакчы.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык өлкөнүн спортчулары катышат. Оюндар 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Спорттук мелдештер жана маданий иш-чаралар Ысык-Көл облусунда уланат.