Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда борбор калаада жайгашкан “Бишкек Арена” стадионунун ачылышына арналган салтанаттуу иш-чарада коомдук тартип жана жарандардын коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте камсыздалууда.
ИИМден билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө коопсуздукту сактоо иштери ички иштер министри Улан Ниязбековдун жетекчилиги астында жүрүп жатат. Милиция кызматкерлери аймактагы коомдук тартипти көзөмөлдөп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды аткарууда.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын аймагындагы видеокөзөмөл камералары аркылуу кырдаалга реалдуу убакыт режиминде мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы иштер ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбековдун көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.
ИИМ конокторду жана айдоочуларды коомдук тартипти сактоого, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.