Elman: "Бишкек Аренадагы" сахна дүйнөлүк деңгээлде

Коом 6 октябрь 2026 10:30
Elman: "Бишкек Аренадагы" сахна дүйнөлүк деңгээлде

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. Россиялык ырчы, музыкант жана продюсер Elman "Бишкек Аренадагы" сахнаны дүйнөлүк деңгээлде деп баалап, Кыргызстанга чакыруу болсо кайра келүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал күн мурун "Бишкек Арена" стадионунун ачылыш аземинде айтты.

Elman сахна өзгөчө таасир калтырганын белгилеп, аны даярдоого көп күч, убакыт жана эмгек жумшалганын айтты.

"Чынын айтсам, "Бишкек Аренадагы" сахна укмуш экен. Бул сахнага абдан көп күч, убакыт жана сүйүү жумшалганын түшүнүп турам. Мен көптөн бери мындай мыкты сахнаны, күйөрмандарды көрө элек болчумун. Менимче, бул дүйнөлүк деңгээлдеги сахна", - деди ал.

Ошондой эле ырчы "Бишкек Арена" стадионунун ачылышына байланыштуу кыргызстандыктарды куттуктап, чакыруу болсо Кыргызстанга кайра келерин билдирди.

"Силерди куттуктайм, силер мыкты стадионго ээ болдуңар. Эгер чакырсаңар, албетте, дагы келем. Бул жерде баары сонун, меймандостук, даамдуу тамак-аш, маданияттуу адамдардын жылуу мамилеси жана элдин артисттерди кабыл алганы мыкты. Чоң рахмат", - деди Elman.

Эске салсак, кечээ, 5-октябрда борбор калаада "Бишкек Арена" стадионунун расмий ачылыш аземи өттү. Ачылыш аземде жалпы 60 миңдей көрүүчүгө орун жана фан-зона уюштурулган.