Сан-Францискодо шайлоо тилкеси акыркылардан болуп жабылып, добуш берүү аяктады

Шайлоо Загрузка... 01 Декабрь 2025 11:54
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алкагында чет өлкөлөрдө добуш берүү толугу менен аяктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо тилкеси иштеди. Сааттык көрсөткүчтөрдөгү айырмачылыктардан улам добуш берүү ар кандай убакытта аяктады.

Бишкек убактысы боюнча 1-декабрда саат 10:00гө карата бардык чет өлкөлүк УШКлардын иши расмий түрдө соңуна чыкты. Акыркылардан болуп АКШнын Филадельфия, Чикаго, Вашингтон, Нью-Йорк шаарларындагы 5, ал эми эң акырында Сан-Франциско шаарындагы тилкенин эшиги жабылды.

Чет өлкөлөрдө добуш берүүгө катышкан кыргызстандыктардын жалпы саны 26 миң 66 адамды түздү (2021-жылдагы парламенттик шайлоодо 9 826 жаран добуш берген).

Добуш берүү күнү тынч жана конструктивдүү маанайда өттү. Жарандар чет өлкөдө жүргөн шартта да өздөрүнүн конституциялык добуш берүү укугун пайдалануу менен жогорку жарандык жоопкерчиликти жана жигердүүлүктү көрсөтүштү.

Тышкы иштер министрлигинин штабы чет өлкөдөгү шайлоо тилкелеринин ишин күнү-түнү көзөмөлдөп, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүнү камсыздады.