Самсак Станалиевдин романы Түркияда басылып чыкты

Маданият Загрузка... 14 Июль 2025 12:12
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 14.07.25 /Кабар/. Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиевдин Касым Тыныстанов жөнүндөгү «Чагылгандын көз жашы» аттуу романы түрк тилине которулуп, Түркияда жарык көрдү. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.

Романды түрк тилине Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучусу, жазуучу Мухиттин Гүмүш которгон. «Касым Тыныстановдун бул чыгармасы менен мен XX кылымдын биринчи жарымында кыргыз боордошторубуз чеккен азапты жон терим менен сезип, ичим эңшерилип котордум. Самсак Станалиев ал мезгилди өз көзү менен көргөндөй майда-чүйдөсүнө чейин жазганына таң калдым», – деген котормочу.

Романда Касым Тыныстановдун балалыгы, илимге жана адабиятка кошкон салымы, 1920–30-жылдардагы советтик доордогу коомдук-саясий окуялар кеңири чагылдырылган.

2022-жылы бул чыгарма Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Тилде, пикирде жана иште биримдик: Түрк дүйнөсүнүн адабияты” сыйлыгында «Эң мыкты кыргыз романы» деп табылган.

“Чагылгандын көз жашы”, “Жылдын эң узак күнү”, “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” аттуу тарыхый-биографиялык романдарынын автору - Самсак Станалиев былтыр, 2024-жылы, 74 жаш курагында каза болгон. Быйыл жазуучунун 75 жылдыгы белгиленет.