Самбо боюнча курама дүйнө кубогунда 4 медаль жеңди

Спорт 12 Июнь 2025 14:45
505139649_18360008836196946_8232320567785672782_n.jpg
504181360_18360008827196946_7181326431704848733_n.jpg
503604375_18360008845196946_6650487005698394181_n.jpg
Алдыга
Артка
505139649_18360008836196946_8232320567785672782_n.jpg
504181360_18360008827196946_7181326431704848733_n.jpg
503604375_18360008845196946_6650487005698394181_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү дүйнө кубогунда 4 медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Армениянын Ераван шаарында өттү.

Эркектер арасында +98 кг чейинки салмакта күжүрмөн самбо боюнча Таласбек Нуралиев күмүш медалга ээ болду. Ошондой эле Саяк Бараканов (64 кг) жана Курманбек Замирбек уулу (79 кг) күжүрмөн самбо боюнча коло медаль ээ болушту.

Кыз-келиндер арасында 54 кг чейинки салмак категориясында Акак Үсөн кызы күжүрмөн самбо боюнча 2-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.