Самат Эркинбеков: Президенттин тапшырмасы жетиштүү деңгээлде аткарылды

Коом Загрузка... 06 Март 2026 11:45
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Канчалык узак жол жүрсөк да, Кыргызстанга келгенибизге кубанычтабыз. Бул тууралуу Омандан келген жаран Самат Эркинбеков билдирди.

Ал президенттин кыргызстандыктарды мекенге алып келүү тапшырмасын Тышкы иштер министрлиги, элчиликтер тарабынан жетиштүү деңгээлде аткарылды деген ойдо.

“180 адам жол жүрүп келдик. Тышкы иштер министрлиги президенттин тапшырмасын аткарып жатканына күбө болуп турдук. Оман тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Президентибизге, Тышкы иштер министрлигине, элчиликтерге ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Аэропортко келип учак конгондо баарыбыз көпкө чейин кол чаап, кубандык, ыраазы болдук”, - деди ал.