Самаркандда Өзбекстан менен Словакиянын кызматташтыгы талкууланды

Борбор Азия Загрузка... 31 Октябрь 2025 16:50
photo_30_1 (2).jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Самарканд, 30.10.25. /Кабар/.Самарканд шаарында өтүп жаткан ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын алкагында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен Словакия президенти Петер Пеллегрини эки тараптуу кызматташуунун олуттуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү, соода жана инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү маселелери көңүл борборунда болду. Өзбекстандан текстиль жана айыл чарба продукцияларын экспорттоо, Словакиядан авто тетиктер жана фармацевтикалык товарларды жеткирүү боюнча келишимге жетишилди.

Тараптар санариптик өнүгүү жана инновациялар багытында кызматташтыкты күчөтүп, банктардын киберкоопсуздугун камсыз кылуу боюнча биргелешкен борбор түзүү демилгесин колдошту.

Мындан тышкары, билим берүү жана туризм тармактарындагы байланыштарды жандандыруу, 2026-жылы Братислава шаарында ректорлор форумун өткөрүү сунушу талкууланды.