Самарканд, 29.10.25. /Кабар/. Самарканд шаарында ЮНЕСКОнун жаңы паркынын курулуш иштери башталды. Ал "Жаңы Өзбекстан" паркынын жанындагы беш гектар аянтта жайгашат, деп билдирет кабарчыбыз.
Самарканд облусунун токой чарбасы башкармалыгынын башчысы Илхом Уткировдун айтымында, долбоордо Амир Темир негиздеген тогуз тарыхый бак-чаардын миниатюралык көчүрмөлөрүн калыбына келтирүү максаты коюлган.
"Бул аймак Зарафшан дарыясынын деңгээлинен жогору жайгашкандыктан, топурагы нымдуу, көчөттөр бат өсөт. Паркты түзүү үчүн аймакка тамчылатып сугаруу системасы орнотулду", — деди ал.
Парк аймагына 27 түрдөгү төрт миңден ашык кооз дарактар менен бадалдар — каштан, жапон софорасы, эмен, тюльпан дарагы, роза, лаванда жана жергиликтүү өсүмдүктөр отургузулат. Ошондой эле коноктор үчүн сейилдөө жолдору жана эс алуу отургучтары орнотулат.
Алгачкы көчөттөрдү жаштар форумунун жана ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын катышуучулары отургузмакчы.