Самаркандда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу талкууланды

Борбор Азия 1674 03 Июнь 2025 11:11
a_03.webp
a_03_.webp
a_03__webp.webp
Алдыга
Артка
a_03.webp
a_03_.webp
a_03__webp.webp
Алдыга
Артка

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 03.06.25. /Кабар/. 1-2-июнь күндөрү Самарканд шаарында өткөн II Өзбекстан–Кытай аймактар аралык форумунун алкагында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча жүрүп жаткан иштер талкууланды. Бул тууралуу Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Форумдун негизги максаты – аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү, инвестициялык жана ишкердик байланыштарды жандандыруу, ошондой эле Өзбекстан менен Кытайдын стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөө болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу өзгөчө көңүл борборунда болду. Долбоор ишке ашырыла баштаганы белгиленип, бул жаңы темир жол коридору Өзбекстандын логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн арттырып, транзиттик ролун чыңдоого өбөлгө түзөрү баса белгиленди.

Форумда мындан сырткары аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери да каралды.

Расмий маалыматка ылайык, акыркы беш жыл ичинде Өзбекстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү эки эсе өсүп, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 13 млрд АКШ долларын түздү. Кытайдан тартылган түз инвестициялар 2017-жылга салыштырмалуу беш эсе көбөйгөн, ал эми биргелешкен ишканалардын саны үч эсеге артып, 3 700дөн ашкан.