Самаркандда CITES`тин Борбор Азия боюнча планы кабыл алынды

Борбор Азия Загрузка... 25 Ноябрь 2025 14:24
f_25 (1).webp
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 25.11.25. /Кабар/. Самарканд шаарында Борбор Азия өлкөлөрү жапайы жаныбарлар жана өсүмдүктөрдүн мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүүгө багытталган 2026–2032-жылдар үчүн регионалдык иш-планды жана Самарканд декларациясын кабыл алышты. Бул тууралуу Өзбекстандын Экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

CITES`тин 20-конференциясынын алкагында кабыл алынган документтерге Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кол коюшту.

Traffic International менен биргеликте даярдалган декларация экологиялык чөйрөнүн бузулушу, климаттын өзгөрүшү, браконьерлик жана жапайы түрлөрдүн мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланышкан көйгөйлөргө бирдиктүү жооп кайтарууну көздөйт.

Регионалдык план ошондой эле маалымат алмашууну кеңейтүүнү, заманбап мониторинг технологияларын киргизүүнү, биргелешкен көзөмөл механизмдерин түзүүнү жана мыйзамсыз соодага каршы аймактык тармак калыптандырууну камтыйт.

Адистердин айтымында, Самарканд декларациясына кол коюлушу Борбор Азия мамлекеттеринин табигый мурастын коопсуздугун камсыз кылуу жана экологиялык туруктуулукту сактоо боюнча күч-аракеттерин бириктирүүгө болгон саясий эркин дагы бир жолу тастыктады.

Эскерте кетсек, CITES (Convention on International Trade in Endangered Species of Wild Fauna and Flora) 1973-жылы кабыл алынган, бүгүнкү күндө ага 180ден ашуун мамлекет кошулган, ал эми Кыргызстан бул конвенцияга 2006-жылы кол койгон.