Самаркандда 2028-жылы Эл аралык астронавтика конгресси өтөт

Борбор Азия Загрузка... 06 Октябрь 2025 12:51
photo_06_0.jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 06.10.25. /Кабар/. Самарканд шаары 2028-жылы Эл аралык астронавтика конгрессин өткөрүү укугун алды. Бул чечим Австралиянын Сидней шаарында өткөн IAC-2025 жыйынында кабыл алынып, анда Өзбекстан тандоодо Индия менен Бахрейнди артта калтырган. Бул тууралуу Uzcosmos агенттиги маалымдады.

Маалыматка караганда, бул ири эл аралык форум тарыхта алгач ирет Борбор Азияда өтөт.

«Самарканддын тандалышы өзгөчө символикалык мааниге ээ. Алты кылым мурун ушул шаарда Мирзо Улугбек демилгеси менен дүйнөдөгү эң ири обсерваториялардын бири курулуп, Самарканд илим менен билимдин очогуна айланган», — деп айтылат билдирүүдө.

Конгресске дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 10 миңден ашуун адис жана конок келери күтүлүүдө. Иш-чаранын алкагында ири эл аралык көргөзмө да уюштурулат.