Самаркандагы саммит. Евробиримдик Кыргызстандын тышкы саясий позициясын бекемдөөгө салым кошууда – серепчи

Пикир Загрузка... 04 Апрель 2025 18:02
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Бүгүн Самаркандда “Борбор Азия – Евробиримдик” биринчи саммити өтүүдө. Бул масштабдуу иш-чара боюнча пикирин билдирип жатып, коомдук жана мамлекеттик ишмер Токон Мамытов “Кабар” агенттигине Евробиримдик Кыргызстандын тышкы саясий позициясын бекемдөөгө салым кошуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Европа биримдиги (ЕБ) Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар.

Токон Мамытов биринчи кезекте энергетикалык коопсуздукту белгиледи. ЕБ 2022-жылдагы энергетика кризисинен кийин энергия булактарын диверсификациялоону максат кылууда. Муну менен Борбор Азия стратегиялык альтернативага айланууда. Маселен, Түркмөнстан газ запасы боюнча дүйнөдө 4-орунда турат. Евробиримдик Каспий деңизи аркылуу Азербайжанга жана андан ары Түштүк газ коридору аркылуу Транскаспий газ кууру долбоорун кайра жандандырууга кызыкдар. Казакстан болсо, ЕБге урандын жана мунайдын маанилүү жеткирүүчүсү. ЕБ Россияны айланып өтүүчү жолдорду (мисалы, Грузия жана Азербайжан аркылуу) колдойт. Евробиримдик Казакстан менен Өзбекстанда жашыл энергетика – суутек, күн жана шамал энергетикасы боюнча долбоорлорду илгерилетүүдө.

"Ошондой эле геосаясий таасирди белгилегим келет. Евробиримдик Кытай жана Россия менен аскердик же катаал экономикалык чөйрөдө атаандаша албайт, ошондуктан билим берүү программаларын, маданий алмашууларды, бейөкмөт уюмдарды колдоо, адам укуктарын жана гендердик теңчиликти каржылоону жигердүү колдонот. ЕБ орус жана кытайлык ыкмаларга альтернатива катары "үчүнчү моделди" сунуштайт", - деди ал.

Мурдагы вице-премьер-министр кошумчалагандай, Евробиримдиктин соода жана транзит тармагында кызыкчылыктары бар. ЕБ аймактын эң ири соода өнөктөштөрүнүн бири. Кытайдан Казакстан, Каспий деңизи, Кавказ жана андан ары Европага өтө турган стратегиялык маанилүү транзиттик жол болгон Ортоңку коридорду (Middle Corridor) өнүктүрүүдө. Евробиримдик бажыны санариптештирүүгө, логистикалык стандарттарга, темир жол жана порт инфраструктурасына инвестиция салып, ошондой эле Россия аркылуу өткөн түндүк жолдун ордуна Транскаспий каттамын колдоп жатат.

"Европа биримдиги “туруксуздуктун импортуна" жол бербөөгө умтулууда. Бул максатта Евробиримдик Кыргызстанда жана Өзбекстанда укук коргоо, сот адилеттиги жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча реформаларды колдойт. Аймактын түштүк чек араларында (Афганистан – Тажикстан – Өзбекстан) баңгизаттарды жүгүртүүгө жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча программаларды ишке ашырууда). Баалуулук катары гана эмес, туруктуулуктун куралы катары да мамлекеттик институттарды жана укуктук мамлекетти бекемдөөгө кызыкдар. Мындан тышкары, ЕБ Борбор Азияда экологиялык долбоорлорду активдүү ишке ашырып, алдыга жылдырууда”, - дейт ал.

Мамытов белгилегендей, Кыргызстан да Евробиримдик менен мамилени чыңдоого кызыкдар. Европа биримдиги менен болгон мамилелер Кыргызстанга экспортту кеңейтүүгө жана көбүрөөк инвесторлорду тартууга, реформаларга колдоо көрсөтүүгө жана алардын ачыктыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет. ЕБ Кыргызстандан аймагында билим берүү программаларын ишке ашырууда.