Салыктык тобокелдиктерди башкаруунун автоматташтырылган системасы иштелип чыгат

Экономика Загрузка... 12 Август 2025 17:54
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 12.08.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салыктык тобокелдиктерди башкаруунун автоматташтырылган системасын иштеп чыгууга киришти. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Азат Алманбетов билдирди.

Ал белгилегендей, бул система салык төлөөчүлөрдүн маалыматын автоматтык түрдө салыштырып, субъекттин жогорулатылган тобокелдик даражасына кирерин же кирбесин аныктоого мүмкүндүк берет.

"Бул автоматташтыруудан кийин ак ниет ишкерлерге салыктык текшерүүлөр жүргүзүлбөйт", — деп баса белгиледи Азат Алманбетов.

Тобокелдик тобуна төмөнкү салык төлөөчүлөр кирет:

  • салыктык отчетту өз убагында тапшырбагандар;
  • отчеттордо арифметикалык ката кетиргендер;
  • такталган декларацияларды көп тапшыргандар;
  • берилген маалыматтар менен Салык кызматында болгон маалыматтардын ортосунда айырмачылыктары бар болгондор.

Азат Алманбетовдун айтымында,  текшерүүлөрдүн көпчүлүгү дал ушундай каталардан улам башталат.

Бул долбоордун алкагында маалыматтар ар түрдүү булактардан — отчеттордон, контролдук-кассалык машиналардан, электрондук эсеп-фактуралардан, КНС боюнча отчеттордон жана коштомо кагаздардан интеграцияланат.

"Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде аныкталган айырмачылыктар жөнүндө билдирүү жасалат.

Бул бухгалтерлерге арифметикалык каталарды жок кылуу менен маалыматтарды өз алдынча текшерүүгө жана оңдоого мүмкүндүк берет", – деп кошумчалады Алманбетов.

Ошондой эле Азат Алманбетов товарсыз камсыздоо схемаларына катышкан салык төлөөчүлөрдү аныктоого өзүнчө көңүл буруларын маалымдады. Бул максатта салык төлөөчүлөрдү каттоо модулдарын кайра карап чыгып, ачыктыкты камсыз кылуу жана кыянаттыктын алдын алуу пландалууда.