Бишкек 18.04.25 /Кабар/. Салыктык эмес түшүүлөрдүн көлөмү жылдан-жылга көбөйүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн 2024-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчеттун коомдук угуусунда Борбордук казыналыктын директорунун орун басары Талант Келдибеков билдирди.
Анын айтымында бул көрсөткүч 2020-жылдан бери 30-40-50 млрд сомдун тегерегинде болсо, өткөн жылы 101 млрд сомдон ашкан.
“Пландык тапшырма боюнча республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 410 млрд 588 млн сом өлчөмүндө, ал эми чыгаша бөлүгү – 404 млрд 149 млн сом өлчөмүндө бекитилген. Пландык тапшырма боюнча профицит – 6 млрд 438 млн сом болуш керек эле. Бирок иш жүзүндө 2024-жылдын аягы менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгү факт жүзүндө 417 млрд 536 млн сом өлчөмүндө аткарылып, чыгаша бөлүгү 383 млрд 228 млн сомду түздү. 2024-жылдын республикалык бюджеттин фактылык профицити 34 млрд 307 млн сом деген көрсөткүчтү көрсөттү”, - деди ал бюджеттин аткарылышынын башка дагы негизги көрсөткүчтөрүнө токтолуп жатып.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган уктурууну Финансы министрлиги уюштуруп, ага министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү, министрликтин башкармалыктарынын жетекчилери катышты.