Салыктар боюнча эмнелер өзгөрдү? Кубанычбек Ысабеков менен маек

Экономика Загрузка... 08 Август 2025 09:45
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков видеомаекте салык жүгүн азайтууга жана ишкердикти колдоого багытталган салык мыйзамдарындагы эң маанилүү өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.

Тактап айтканда, ал өлкөнүн салык системасындагы төмөнкүдөй негизги өзгөрүүлөргө: транспорт салыгынын жоюулушу, салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу, салыктык карыздарды эсептен чыгаруу, соода жана зергерчилик тармагындагы өзгөрүүлөр, "Салык төлөөчүнүн рейтинги" институтунун киргизилиши, ошондой эле айыл чарба секторуна салыктык жеңилдиктерин берүү боюнча кеңири токтолду.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров "Калктын жана ишкердик субъекттердин салык жүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына кол койгон.

Мыйзамда бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө, экономикалык туруктуулукту колдоого жана өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган бир катар салыктык жеңилдиктер каралган.