Салыкчылар мыйзамсыз ташылып келе жаткан товарларды аныктады

Экономика 24 сентябрь 2026 11:30

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салык контролунун жүрүшүндө жүк ташуучу транспорт каражатынан эсепке алынбаган товарларды аныктады.

Ведомствонун маалыматына караганда, текшерүү учурунда унаадагы товарлардын иш жүзүндөгү саны коштоочу жана эсепке алуу документтериндеги маалыматтар менен салыштырылган. Натыйжада документтерде көрсөтүлбөгөн 280 куту, анын ичинде айнек буюмдары жана ашкана идиштери бар экени аныкталган.

Кайра эсептөөнүн жыйынтыгында товарлардын жалпы саны 8 720 бирдикти жана топтомду түзгөн.

Аныкталган товарлардын наркы тиешелүү документтер менен ырасталган эмес. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.