Салыкчылар акциздик маркасы жок 3,4 миң литр мотор майын аныкташты

Экономика Загрузка... 05 Ноябрь 2025 11:35
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында жүргүзүлгөн рейддик салык көзөмөлдөөнүн жүрүшүндө акциздик маркасы жок мотор майларын аныкташты.

Ведомстводон маалымдашкандай, Биринчи май районунда жайгашкан кампаны текшерүү учурунда жалпы көлөмү 3 миң 400 литр болгон 170 канистр акциздик маркасы жок мотор майы табылган.

Мындан тышкары, баштапкы коштомо документтери жок ар кандай түрдөгү оор жүк ташуучу унаалардын муздатуу системасынын 75 радиатору аныкталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, табылган продукция андан ары сатуу максатында сакталып турган.

Бул факты боюнча Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү актылар түзүлдү. Материалдар юридикалык баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.