Бишкек 21.04.25 /Кабар/. Бүгүн Мамлекеттик салык кызматынын I кварталдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынында салыктык башкарууну санариптештирүү долбоорлорун ишке киргизүүнүн жыйынтыгы каралды.
Ведомстводон билдиришкендей, салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн алкагында салыктык башкаруу системасында бир катар масштабдуу долбоорлор ишке киргизилип, иштеп жатат.
Алардын катарында – электрондук эсеп-фактуралар, “Жыйынды пост” тутуму, товарларды маркалоо, ККМ-онлайн, электрондук патент жана камсыздандыруу полиси, жеке ишкерлерди онлайн-каттоо, ишкерлердин жайгашуу картасы, онлайн форматта отчет берүү жана салыктарды төлөө, ошондой эле башка маанилүү компоненттер бар.
Ушул жылдын башынан бери Салык кызматы мурда ишке киргизилген санариптик долбоорлорду модернизациялап, жаңы чечимдерди ишке киргизди.
Мындан тышкары, Салык кызматы салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо менен катар салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган иш-чараларды ишке ашырууда.
Атап айтканда, өлкө боюнча салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча “Бирдиктүү терезе” тармагы кеңейүүдө.
Салык кызматынын аймактык органдарында кабыл алуу процессин оптималдаштыруу үчүн "Электрондук кезек" маалыматтык тутуму киргизилген. Тутум салык төлөөчүлөрдүн агымын автоматташтырылган башкарууну камсыз кылып, күтүү убактысын кыскартат, мамлекеттик кызматтарды алуу процессин ачык-айкын жана ыңгайлуу кылат.
“Электрондук кезектен” талондорду салык органдарынын имараттарында орнотулган өзүн-өзү тейлөө терминалдары аркылуу (анын ичинде процесстерди санариптештирүүгө жана кагаз жүзүндөгү документ жүгүртүүнү азайтууга өбөлгө түзүүчү QR-коддорду пайдалануу менен), ошондой эле Salyk.kg мобилдик тиркемеси аркылуу алдын ала брондоо жолу менен аралыктан алууга болот.
Бүгүнкү күндө "Электрондук кезек" системасы 28 аймактык салык органында иштеп жатат, ал аркылуу 330 миң 456 салык төлөөчү кабыл алынган. Учурда калган аймактык башкармалыктарда аны ишке киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Бул системаны киргизүү салык органдарында тейлөөнүн сапатын жана ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган.
Онлайн салыктык кызматтарды колдонуучулардын санынын туруктуу өсүшү байкалууда.
Алсак, “Салык төлөөчүнүн кабинети” (cabinet.salyk.kg) сервисин 1 млн 400 миң 432 салык төлөөчү колдонот, бул жыл башына салыштырмалуу 121 миң 445ке көп.
“Salyk.kg” мобилдик тиркемесин 74 миң 900 жаран колдонот. Үч айдын ичинде колдонуучулардын саны 7 миңден ашуун адамга көбөйдү.
2025-жылы жарандар салыктарды онлайн форматта — cabinet.salyk.kg сайтындагы Салык төлөөчүнүн кабинети жана “Salyk.kg” мобилдик тиркемеси аркылуу активдүү төлөй башташты.
Алсак, 2025-жылдын биринчи кварталында жалпы 3,1 млрд сом суммасында 390 миңден ашык онлайн-салык төлөмдөрү жүргүзүлгөн. Салыштыруу үчүн: 2024-жылдын ичиндеги онлайн-төлөмдөрдүн суммасы 5 млрд сомду түзгөн.
4 миң 458 адам жеке ишкер катары онлайн каттоодон өткөн.
Жеке ишкер катары катталуу үчүн салык төлөөчү салык органына жеке өзү кайрылуунун кажети жок — cabinet.salyk.kg, Salyk.kg мобилдик тиркемесин же башка уюмдардын санариптик платформаларын (МБизнес, Ишкер, О!Банк, Айыл Банк, Элдик Банк, Мега) колдонуу жетиштүү.
Онлайн каттоо процессти бир топ жеңилдетет: салык кызматына баруунун жана кезекте туруунун кажети жок. Салык төлөөчү автоматтык түрдө жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү, ошондой эле тандалган салык режимине ылайык салык параметрлери жөнүндө маалыматты алат.
Ошону менен катар заманбап техникалык талаптарга ылайык келген контролдук-кассалык машиналардын (ККМ) жаңы моделдерин киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 131 миң 219 ККМ колдонулууда. Жыл башынан бери ККМди колдонгон ишкерлердин саны 6000ден ашты.
Электрондук капчыктар, терминалдар же онлайн-банкинг аркылуу накталай эмес формада төлөө мүмкүнчүлүгү менен патентти жана камсыздандыруу полисин бир документте тариздөөгө мүмкүндүк берүүчү "Э-патент" электрондук сервиси ишин улантууда.
2025-жылдын январь–март айларында 178,3 млн сомго 92 миң 12 электрондук патент берилген, 110 млн сомго 739 миң 222 камсыздандыруу полиси, патенттен өзүнчө 329,2 млн сомго 127 миң 476 полиси таризделген.
Мындан тышкары, Салык кызматы "Түндүк" тутумуна кошулуунун аркасында мамлекеттик органдар Салык кызматынан зарыл болгон маалымкаттарды жана маалыматты электрондук форматта алышат, бул жарандардын ведомствого кайрылуу зарылдыгын жокко чыгарат.
Эскерте кетсек, коллегиянын жүрүшүндө салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча жыйынтыктар чыгарылып, карызды азайтуу боюнча чаралар талкууланды, ошондой эле санариптештирүү жана салык тутумун реформалоо жаатындагы артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү каралды. Ошондой эле үстүбүздөгү жылга негизги милдеттер аныкталды.
Жыйынга Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, коллегия мүчөлөрү, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жана аймактык салык органдарынын жетекчилери катышышты.