“Салык Күзөт” тутуму салыкчылардын кагаз ишин жеңилдетип, коррупцияны ооздуктайт

Экономика Загрузка... 02 Февраль 2026 18:28
WhatsApp Image 2026-02-02 at 15.15.59.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда салык системасын реформалоонун алкагында “Салык Күзөт" автоматташтырылган маалыматтык салык талдоо тутуму ишке киргизилди. Бул система ишке киргизилгенге чейин салыкчылар бир нече булактар менен иштөөгө жана компаниялардын салыктары, камсыздандыруу төгүмдөрү жана отчеттуулугу жөнүндө маалыматтарды кагаз түрүндө чогултууга аргасыз болгон. “Кабар” агенттиги жаңы платформанын өзгөчөлүгү жана анда кандай маалыматтар топтолгондугу тууралуу айтып берет.

Санариптик куралдарды пайдалануу менен ишти жеңилдетүү зарылчылыгы

Заманбап технологиялардын өнүгүүсү менен кайсы гана тармак болбосун кызматкерлердин ишин жеңилдеткен куралдарды колдонуу учур талабы болууда. Мындан улам жаңычылдыктарды колдонууну Мамлекеттик кызматында ишке ашыруу планы коюлган.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, буга чейин өлкөдөгү салык төлөөчүлөрдүн иши кагаз түрүндө жүргүзүлүп келген. Ишкерлердин 20 пайызы гана текшерилип, калганы көмүскө болуп, адамдык фактор чечүүчү ролду ойногон. Азыр бардык ишкердин ишин ачык-айкын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

IMG_4639

“Азыр ар бир компания, ар бир товар, ар бир салык төлөөчүнүн канча товар сатып алды, канчасын сатты, канча салык төлөдү, кимге сатты, кимден алды мунун баары системада камтылат. Бул тутум көмүскө менен күрөшүүгө да жардам берет”, - деди ал.

Коррупцияны болтурбоо жана салыкты көзөмөлдөө

images (1)

Коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоодо “Салык Күзөт” тутумуну эбегейсиз салым кошот деп белгиленүүдө. Эми ишкерлер тууралуу маалыматтар автоматтык түрдө чогултулуп, салыкчылардын ашыкча жүктөмүн азайтат.

Мамлекеттик салык кызматынын аналитикалык иштер башкармалыгынын башчысы Бек Мамадалиев маалымдагандай, жаңы система салыктык түшүүлөрдү көзөмөлдөй алат.

“Салык төлөөчү салыгын тапшырганда биз системадан карайбыз. Эгерде отчетунда төлөй турган салыгын кем көрсөтүп койсо, система бизге ошону чыгарып берет. Ошондой эле ишкер кандай товар сатып алды, чет өлкөдөн канча товар импорттоду, бизде анын бардык товарын көргөнгө мүмкүнчүлүк бар. Мындан тышкары, система аларды кайра экспорттоодо же ички рынокко эсеп фактураны колдонуп сатууда ошол жакта көрсөтүлгөн бардык товарларды жана көрсөтүлгөн кызматтарды дагы айырмалап көрө алат”, - деп белгиледи ал.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстанда салык органдарында каттоодон өткөн субъекттердин саны 5 миллиондон ашат.

  • физикалык жактар – 4,8 млн,
  • юридикалык жактар – 209 миң,
  • жеке ишкерлер – 751 миң.

Бул көрсөткүч каттоолор болгон сайын автоматтык түрдө жаңыланып турат.

Жаңы системанын дагы кошумча кызматтарын жасалма интеллект иштеп чыгып жатканы белгилүү болду. Азыр жасалма интеллект кайсы бир компания тууралуу маалыматты сураганда, саналуу көз ирмемде чыгарып берет.

Салыкчылар буга чейин бир компанияны анализдегенге жумалап убакыт кетирчү. Эми өлкөдөгү бардык компанияларды анализдөө үчүн бир-эки мүнөт убакыт кетет. Учурда бардык моделдар бириктилип, бир платформага жайгаштырылды. Система 3 жылдык маалыматты толук турдө көрсөтүп берет.