Салык кызматынын жаңы туусу жана символикасы бекитилди

Коом 12 ноябрь 2025 15:43
2020-07-23-850x560.jpg
581054803_1126497289655577_4147953589009754099_n.jpg
579861262_1126497286322244_5226655685706068970_n.jpg
Алдыга
Артка
2020-07-23-850x560.jpg
581054803_1126497289655577_4147953589009754099_n.jpg
579861262_1126497286322244_5226655685706068970_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин токтому менен Мамлекеттик салык кызматынын органдарынын туусу жана символика белгиси жөнүндө жобо бекитилди.

Ведомстводон билдиришкеней, туу көк-жашыл түстөгү кездемеден турат, анын борборунда канаттарын жайган ак бүркүт жайгаштырылган. Бүркүттүн төшүндө эки тоонун чокусу сымал көк-жашыл фигуралар бар.

Төмөнкү бөлүгүндө “Кыргызстан салык кызматы” деген жарым тегерек жазуу жайгашкан. Композициянын жогорку бөлүгүндө ак геометриялык фигуралар: борборунда үч ромб, анын эки тарабында бир жаага бириктирилген тегерек элементтер бар.

Ошондой эле салык кызматынын символика белгиси тегерек формада жасалып, ведомствонун желегинин негизги элементтерин кайталайт. Ак фондо канаттары жайылган көк-жашыл бүркүт жайгашып, сүрөттүн төмөнкү бөлүгүндө алкактык жазуу бар.

Ал салык кызматынын формалык кийиминде, документтеринде жана расмий материалдарында колдонулат.

Туу борбордук жана аймактык бөлүмдөрдө орнотулуп, расмий жана салтанаттуу иш-чараларда колдонулат.

Белгилей кетсек, символика белгисин башка органдар жана адамдар тарабынан колдонууга, ошондой эле аны бурмалоого же бузууга тыюу салынат. Көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жасоого күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.