Салык кызматынын төрагасы Ошто акциздик маркаларды текшерди

Экономика 28 август 2025 16:08
539655398_24366057379723166_5301288225598879856_n.jpg
538535302_24366058033056434_4339568468152779981_n.jpg
539286335_24366057366389834_8642145100457370298_n.jpg
539397083_24366058296389741_2397441832113525257_n.jpg
539417448_24366056796389891_826601877764042272_n.jpg
539493422_24366057003056537_1949063888111988859_n.jpg
539595233_24366058266389744_6604445548620394377_n.jpg
539686842_24366057663056471_6180336683026020071_n.jpg
539761018_24366056563056581_6938682828448712800_n.jpg
539810171_24366057646389806_9078863066654007635_n.jpg
540455672_24366056989723205_1101317560331212463_n.jpg
540687570_24366057183056519_9133066815580886358_n.jpg
540898969_24366056819723222_876571789711881938_n.jpg
540996209_24366057993056438_5708742605540214849_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов акциздик маркаларды көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чара өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышты.

Рейддин жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматов Ош шаарынын жаңы базарындагы соода катарларын кыдырып, сатуучу жайларды көрүп чыкты жана товарлардын ассортименти менен таанышып, акциздик маркалардын мыйзамга ылайык колдонулушуна өзгөчө көңүл бурду.

Салык кызматынын төрагасы алкоголдук жана кант камтыган продукциялардагы акциздик маркалардын аныктыгын текшерүүгө жана жасалма экенин аныктоого өзгөчө көңүл буруп, акциздик продукция салыктык түшүүлөрдү камсыздап, калктын ден соолугун сапатсыз продукциялардан коргой турганын баса белгиледи.

"Салык кызматы импорттоочулар жана өндүрүүчүлөр тарабынан акциздик маркалары бар продукциялардын колдонулушун тыкыр көзөмөлдөйт. Мунун натыйжасында салык түшүүлөр жыл сайын өсүп жатат", — деди Шыкмаматов.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында базарда акциздик маркаларга байланыштуу салык мыйзамдарынын бузулушу аныкталды. Айрым кант кошулган суусундуктарда акциздик маркалар жок болгон. Мыйзам бузгандарга тиешелүү чаралар көрүлдү.

Рейддик кыдыруунун жүрүшүндө шаар ичиндеги соода түйүнүндөрүнүн биринде дүң сатылган суусундуктардын акциздик маркалары белгиленген талаптарга туура келбеген учурлар катталды. Мыйзам бузуулардын натыйжасында продукция жүгүртүүдөн алынды.

Эске салсак, Салык кызматы өлкө аймактарында ири соода түйүндөрүндө акциздик продукцияны маркалоо боюнча рейддик иш-чараларды улантууда.

Максаты - элдин бул маселеге көңүлүн буруу жана ишкерлерге акциздик маркаларды колдонуу маанилүү экенин түшүндүрүү болуп саналат.