Салык кызматынын төрагасы Баткендеги ишкерлер менен ачык диалог өткөрдү

Аймак 403 16 Март 2026 17:10
photo_5314345327097746707_y (1).jpg
photo_5314345327097746706_y.jpg
photo_5314345327097746711_y.jpg
photo_5314345327097746709_y.jpg
photo_5314345327097746716_y.jpg
photo_5314345327097746712_y.jpg
photo_5314345327097746713_y.jpg
photo_5314345327097746705_y.jpg
photo_5314345327097746714_y.jpg
photo_5314345327097746715_y.jpg
photo_5314345327097746704_y.jpg
photo_5314345327097746703_y.jpg
photo_5314345327097746702_y.jpg
photo_5314345327097746700_y.jpg
photo_5314345327097746701_y.jpg
photo_5314345327097746699_y.jpg
photo_5314345327097746698_y.jpg
photo_5314345327097746697_y.jpg
photo_5314345327097746696_y.jpg
photo_5312441432519939726_w.jpg
photo_5312441432519939723_w.jpg
photo_5312441432519939720_w.jpg
photo_5312441432519939721_w.jpg
photo_5312441432519939722_w.jpg
photo_5314345327097746707_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5314345327097746707_y (1).jpg
photo_5314345327097746706_y.jpg
photo_5314345327097746711_y.jpg
photo_5314345327097746709_y.jpg
photo_5314345327097746716_y.jpg
photo_5314345327097746712_y.jpg
photo_5314345327097746713_y.jpg
photo_5314345327097746705_y.jpg
photo_5314345327097746714_y.jpg
photo_5314345327097746715_y.jpg
photo_5314345327097746704_y.jpg
photo_5314345327097746703_y.jpg
photo_5314345327097746702_y.jpg
photo_5314345327097746700_y.jpg
photo_5314345327097746701_y.jpg
photo_5314345327097746699_y.jpg
photo_5314345327097746698_y.jpg
photo_5314345327097746697_y.jpg
photo_5314345327097746696_y.jpg
photo_5312441432519939726_w.jpg
photo_5312441432519939723_w.jpg
photo_5312441432519939720_w.jpg
photo_5312441432519939721_w.jpg
photo_5312441432519939722_w.jpg
photo_5314345327097746707_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн иш сапары менен Баткен облусуна барды.

Ведомстводон билдиришкендей, иш сапарынын жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматов аймактагы салык төлөөчүлөр менен жолугушту.

Жолугушууда ишкерлерге “Салык күзөт” автоматташтырылган аналитикалык система тууралуу маалымат берилди.

Бул система салыктык башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатып, салык мыйзам бузууларын алдын алууга багытталган.

Мындан тышкары катышуучуларга салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөр жана жаңылануулар тууралуу кеңири маалымат берилди.

Андан соң жолугушуу ачык диалог форматында улантылды.

Салык төлөөчүлөр өз ишмердүүлүгүндө кездешкен актуалдуу суроолорун берип, көйгөйлөрүн ортого салышты.

Салык кызматынын төрагасы ишкерлердин кайрылууларын кылдат угуп, зарыл түшүндүрмөлөрдү берди жана кээ бир маселелерди чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун сунуштады.

Алмамбет Шыкмаматов Баткен облусунун экономикалык өнүгүүсү үчүн мамлекет тарабынан ишкердикти колдоо жана аймакка инвестиция тартууга багытталган бир катар салыктык жеңилдиктер жана преференциялар каралганын белгиледи.

Мындан тышкары, иш сапарынын алкагында Алмамбет Шыкмаматов облустагы көмүр өнөр жайынын өкүлдөрү менен өзүнчө кеңешме өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар өнөржайдын учурдагы абалы жана бизнес жүргүзүү менен салыктык башкарууга байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Салык кызматынын төрагасы сунуштарды угуп, пайда болгон көйгөйлөрдү биргеликте чечүү зарылдыгын белгиледи.