Салык кызматынын мурдагы төрагасынын 55 млн долларлык байлыгы бар экени такталды – Ташиев

Коом 10 июль 2025 12:15
WhatsApp Image 2025-07-10 at 12.05.10.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-10 at 12.10.59.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-07-10 at 12.05.10.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-10 at 12.10.59.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдуваповдун 55 млн долларлык мүлкү бар экени такталды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында өткөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, Алтынбек Абдуваповдун Түркия, Алматы жана Бишкекте мүлктөрү болгон. Ошондой эле мурдагы аткаминер айрым салыкчылардан ай сайын 100 миң долларга чейин акча алып турган.

“Түркиянын Бодрум шаарында үйү, Алматыда коммерциялык ишканасы бар. Бишкектеги үйүн элчиликке ай сайын 4 млн сомго берип келген. Курулуш компанияларында үлүштөрү аныкталды. Тергөө бир нече салык кызматкерлери ай сайын 50-100 миң долларга чейин ага берип тургандарын айтып жатышат. Бүгүнкү күндө Алтынбек Абдуваповдун 55 млн долларлык үй мүлкү, байлыгы такталып жатат. Бул салык органындагы коррупциянын деңгээлин көрсөтүп жатат. Бул мүлктөр конфискацияланат. Өзү сот жообуна тартылат”, - деп белгиледи Камчыбек Ташиев.