2025-жылы Мамлекеттик салык кызматы салык тармагын санариптештирүү жана жөнөкөйлөтүү боюнча ири реформаларды ишке ашырды. Натыйжада салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, салык түшүүлөрү рекорддук деңгээлге жетти. Бул реформалар ишкерлик менен мамлекеттин ортосундагы ишенимди бекемдөөгө жана салыктык ачыктыкты жогорулатууга багытталды.

Негизги өзгөрүүлөр
Мамлекеттик салык кызматынан "Кабар" агенттигине билдиришкендей, мекеме салык иштерин санариптештирүү, башкарууну жөнөкөйлөтүү жана мамлекет менен бизнес арасындагы мамилелерди ачык кылуу боюнча ири реформаларын улантууда. Бул чаралар салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, салыктык процесстерди жеңилдетүүгө багытталган.
Быйыл Салык кызматы пландалган көрсөткүчтөрдү аткарып, салык төлөөчүлөр үчүн бир катар санарип кызматтарды ишке киргизди. Бул платформалар аркылуу отчеттуулукту берүү, салыкты төлөө жана документ алууну мурдагыдан жеңилдетти.
Реформалардын негизги максаты – бизнес менен мамлекеттин кызыкчылыктарынын тең салмагын сактоо жана салык жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү. Натыйжада ЭТТН жоюлуп, кассалык аппараттар милдеттүү эмес болуп калды. Ал эми ишкерлер патент аркылуу иштей алышат.

Салык жыйноо планы мөөнөтүнөн мурда аткарылды
Салык кызматы быйыл өлкө эгемендүүлүктү алгандан бери алгач ирет бекитилген жылдык планды мөөнөтүнөн мурда аткарды.
Планга ылайык, 2025-жылы 268 млрд 326,4 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултуу талап кылынган эле. Мекеме бул көрсөткүчтү толук аткарып, салыктык түшүүлөрдүн туруктуу өсүшүн жана жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун көрсөттү.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, жыл аягына чейин план ашыгы менен аткарылары күтүлүүдө. Жалпы салык жана төлөмдөрдүн көлөмү 300 млрд сомдон ашышы мүмкүн.
Ал эми 11 айда кызмат тарабынан 275 млрд 742 млн сом салык жана төлөм чогултулду. Белгиленген план 12 млрд 271 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 71 млрд 881 млн сомго өскөнү белгиленет.
Мындан тышкары, камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу көрсөткүчтөрү да жакшырды. Алардын көлөмү 74 млрд 57 млн сомду түзүп, план 1 млрд 217 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Өткөн жылдын 11 айына салыштырмалуу 7 млрд 680 млн сомго көп чогултулду.

Жалпысынан алганда, быйылкы жылдын 11 айында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жалпы түшүүлөр 349,8 млрд сомго жетти. Белгилей кетсек, бул өсүш салык жүгүн көбөйтүүнүн эсебинен эмес, салык төлөөчүлөрдүн базасын кеңейтүүнүн, процесстерди санариптештирүүнүн жана салыктарды ыктыярдуу төлөөнүн деңгээлин жогорулатуунун аркасында камсыздалды.
Санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуулук
Салык кызматы санариптештирүүнү – ишти уюштуруунун натыйжалуулугун арттыруу жана мамлекет менен бизнес ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн негизги куралы катары карайт.
Автоматташтырууга, онлайн жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган төмөңдөгү иштер жасалды.

- салык төлөөчүнүн жеке кабинети жана Salyk мобилдик тиркемесинин функциясы кеңейтилди. Алар отчет тапшыруу, салыктарды онлайн төлөө, маалымкаттарды, салыштырма актыларды жана башка документтерди алуу үчүн универсалдуу куралга айланды. Учурда жеке кабинетти 1 млн 521,6 миң салык төлөөчү колдонууда. Бул жыл башына салыштырмалуу 180 миң 405 адамга көп;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен интеграция аркылуу жеке жактарды онлайн каттоо киргизилди;
- “Кадастр” мамлекеттик мекемеси менен өз ара аракеттенүү ишке ашырылып, кыймылсыз мүлккө байланышкан бүтүмдөрдө салык карызы жоктугу тууралуу маалымкат талап кылуу жоюлду;
- жаңы онлайн кызматтар ишке киргизилди. Ашыкча төлөнгөн салыктарды кайтарып алуу боюнча арыз берүү, отчет тапшыруу мөөнөтүн узартуу, мүлк салыгын автоматтык эсептөө жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча өз ара эсептешүү;
- кассалык чектер боюнча маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде өткөрүп туруучу фискалдык программалык камсыздоо (ФПО) киргизилүүдө;

- 1-июлдан тартып бардык салыктар жана төгүмдөр QR-код же төлөм коду аркылуу гана төлөнүп, каражаттарды эсепке алууда ката кетирүү жана кол менен кийлигишүү толук жоюлду;
- жарандарга салык карызы бар экендиги тууралуу СМС-билдирмелер системасы ишке киргизилди;
- кызмат көрсөтүүнүн сапатын онлайн режимде баалоого мүмкүндүк берген “Пикирлер” кайтарым байланыш системасы киргизилди;
- салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу жеке ишкерди онлайн кайра каттоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Жеңилдиктер жана бизнести колдоо
2025-жылы салык жүгүн азайтууга жана ишкердик активдүүлүктү стимулдаштырууга багытталган төмөндөгүдөй бир катар чаралар ишке ашырылды:
- транспорт салыгы жоюлуп, 2022-жылга чейин түзүлгөн жеке жактардын салык карыздары эсептен чыгарылды;
- айыл чарба жерлерине жер салыгынан бошотуу мөөнөтү 2030-жылга чейин узартылды;
- мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөр жоюлду;

- макулатураны, металл сыныктарын кайра иштетүүчүлөргө, зергерчилик тармагындагы ишканаларга жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө берилүүчү салыктык жеңилдиктердин тизмеси кеңейтилди;
- ишкердик менен алектенбеген айрым жарандар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу жокко чыгарылды;
- соода үчүн патенттик салык салуу системасы кайра киргизилип, ишкерлерге патент же бирдиктүү салык менен иштөөнү тандоо мүмкүнчүлүгү берилди;
- базарларда соода жүргүзүүгө байланышкан салык салуу жөнөкөйлөтүлдү;
- ташуу жана жеткирүү тармагында иштеген өз алдынча иштеген жарандар үчүн 1 пайыздык бирдиктүү салык киргизилип, миңдеген чакан ишкерлердин ишин мыйзамдаштырууга шарт түзүлдү.

Салыктык көзөмөлдү өркүндөтүү
Мекеме андан сырткары, салыктык көзөмөл ыкмаларын да активдүү өркүндөтүп, формалдуу текшерүүлөрдөн аналитикалык жана тобокелдикке негизделген ыкмага өтүүдө.
- Санариптик маалыматтарды талдоо жана эл аралык тажрыйбага негизделген пландуу жана камералдык текшерүүлөрдүн жаңы ыкмалары ишке киргизилди.
- Алкоголь жана тамеки продукцияларын камтыган акциздик товарлардын жүгүртүлүшүнө көзөмөл күчөтүлүп, маркалардын чыныгы экенин текшерүүчү онлайн кызматтар ишке салынды.

- Борбордук аппараттын көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүү функциясы жоюлуп, эми мындай текшерүүлөрдү аймактык салык органдары гана жүргүзөт. Аймактык органдарга 65 жаңы кызматтык унаа берилди, бул көчмө текшерүүлөрдүн жана рейддердин ыкчамдуулугун жана мобилдүүлүгүн жогорулатты.
Көзөмөл тутумун модернизациялоо административдик басымды азайтып, мыйзам бузулуулардын алдын алууга жана рыноктогу бардык катышуучулар үчүн тең шарт түзүүгө багытталган. Мамлекеттик салык кызматы бул багыттагы аналитикалык механизмдерди жана санарип куралдарды дагы өркүндөтүүнү улантат.