Салык кызматында фискалдык программалык камсыздоону киргизүү талкууланды

Экономика Загрузка... 19 Сентябрь 2025 15:12
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) киргизүү боюнча пилоттук долбоордун алкагында жыйын өткөрдү.

Ведомстводон маалмдашкандай, жыйынга коомдук тамак-аш жаатындагы ишкерлер катышты.

Анын жүрүшүндө Салык кызматынын төрагасынын орун басары Азат Алманбетов катышуучуларга пилоттук долбоордун максаттары жана талаптары тууралуу түшүндүрмө берди.

Ал белгилегендей, бул долбоорду ишке ашыруу Салык кызматы үчүн салык системасын санариптештирүү жолунда маанилүү кадам болуп саналат.

"Фискалдык программалык камсыздоо ишкерлер үчүн ыңгайлуу экономикалык шарттарды түзүүгө багытталган.

Ал салык төлөөчүлөрдүн жүгүн жеңилдетип, отчёттуулуктун көлөмүн азайтууга жана кассалык аппарат же кошумча жабдууларды сатып алууга болгон муктаждыкты жоюуга мүмкүнчүлүк берет", – деп белгиледи Азат Алманбетов.

Ал ошондой эле ФПКны киргизүү салыктык администрациялоону жакшыртууга жана көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартууга өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө коомдук тамак-аш жаатынын өкүлдөрү тармактын өзгөчөлүктөрүнө жана ишкердик процесстерге байланыштуу бир катар практикалык кыйынчылыктарды белгилешип, ошондой эле системанын ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарын беришти.

Салык кызматынын төрага орун басары ишкерлердин пикирлерин угуп, айрым чечимдер боюнча түшүндүрмө берип, көтөрүлгөн бардык маселелер эске алынып, алар боюнча терең талдоо жүргүзүлөрүн жана оптималдуу жолдор изилдене турганын белгиледи.

Эске салсак, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып коомдук тамак-аш тармагында фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоор башталган.

2025-жылдын 1-октябрынан баштап долбоор мейманканалар тармагын, ал эми 2026-жылдын 1-февралынан тартып май куюучу станцияларды камтыйт.

Фискалдык программалык камсыздоо – бул салык төлөөчүлөрдүн ички эсепке алуу системасы болуп саналат жана ал салыктык жана бухгалтердик эсепке алуу, ошондой эле бизнес процесстерди автоматташтыруу үчүн колдонулат.

ФПК салык кызматынын системаларына түздөн-түз интеграцияланып, сатуулар тууралуу маалыматты берүүгө жана эсептик системанын өзүнөн эле ККМ чек түзүүгө мүмкүндүк берет. Операциянын жыйынтык суммасы дароо системага түшүп, маалыматтардын тактыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылат.

Пилоттук долбоорго катышуу үчүн ишкер тиешелүү аймактык салык органына кайрылышы керек.

Долбоорго кошулгандыгы тууралуу кабарлангандан кийин, ал белгиленген тартипте өзүнүн катышуусун ырастайт.

Программалык камсыздоону орнотуу Салык кызматынын кызматкерлери жана ФПК операторлору менен биргеликте ишке ашырылат.

Долбоордун катышуучулары буга чейин колдонуп жүргөн кассалык аппараттар каттоодон чыгарылат.